КР КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН КЫСКАРТУУ БОЮНЧА УЛУТТУК ПЛАТФОРМАНЫН СЕКРЕТАРИАТТЫН БАЙЛАНЫШТАРЫ

Тел.: +996(312)314314, кошумча: 114,108,101,
e-mail: secretariat@npdrr.kg
 
 
























КР ӨКМнин Куткаруу кызматтарынын 2015-жылдын 11 айдын ичинде жана 2014-жылдагы иш аракеттеринин анализи


 

КР ӨКМнин Куткаруу кызматтарынын 2015-жылдын 11 айдын ичинде жана 2014-жылдагы иш аракеттеринин анализиКыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу жана өрт-куткаруу кызматтары тарабынан 2015-жылдын 11 айында жалпысынан 169 (2014-жылы - 217) адам куткарылган, анын ичинен жол кырсыгынан-67 (2014-жылы - 104) адам, экстремалдык абалда –75 (2014-жылы - 96) адам, жана көлмөлөрдөн-27 (2014-17) адам.

2015-жылдын 11 айында жалпы куткарылган 169 адамдын ичинен, 88 эркек, 45 аял жана 36 жаш бала (14 жашка чейинки) ал эми 2014-жылы куткарылган 217 адамдын ичинен, 126 эркек, 54 аял жана 37 жаш балдар (14 жашка чейинки).

Жалпысынан 798 (2014-жылы - 739) адамга жардам көрсөтүлгөн, анын ичинен дарыгерге чейинки жардам-211 (2014-жылы - 254) адамга, күтүүсүз жагдайга туш болгон-149 (2014-жылы - 58) адамга жана 438 (2014-жылы - 427) адамдардын үйлөрүнүн жабылып калган эшиктерин ачып беришкен.

Андан сырткары Куткаруу кызматтары тарабынан 9932 (2014-жылы - 9152) муктаж болгон адамдарга телефон аркылуу кеңеш берилген.

Жыл башынан бери 832 жолу (2014-жылы - 884) чыгуу катталып, анын ичинен: жол кырсыгына-167 (2014-жылы - 244), ар түрдүү кырсыктарга чыгуу-586 (2014-жылы-588), өрт кырсыгына-24 (2014-ж. – 34), шектүү жарылуучу заттарга чыгуу-2 (2014-ж.-5), сууга чөкөндөрдү издөөгө чыгуу -53 (2014-ж. – 10 жана шектүү өтө коркунучтуу жугуштуу жана инфекциялуу жерге чыгуу - 3) жолу катталган.

2015-жылдын 11 айында ӨКМнин Бишкек, Ош шаарларынын куткаруу кызматтарынын, РӨКОнын, КДМБнун жана өрт-куткаруу бөлүктөрүнүн куткаруучулары тарабынан 288 (2014-ж.-2) адамдын жансыз денелери чыгарылган. Алардын ичинен: 202 эркек, 54 аял жана жаш балдар-32 (14 жашка чейинки).

Мындан сырткары 2015-жылдын 11 айында республиканын аймагында 3630 (2014-жылы - 4061) өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 244 млн. 428 мин. 358 (2014-жылы 331 млн. 515 мин. 859 сом) сом материалдык чыгым келтирилген. Өрттүн кесепетинен 36 (2014-жылы - 71) адамдын, анын ичинен 4 (2014-жылы - 3) жаш баланын өмүрү кыйылган.

Өрттөн 49 адам жабыркап анын ичинен 5 жаш балдар (2014-жылы 50 адам анын ичинен 7 жаш бала), ошондой эле 56 (2014-жылы 178) адамдын өмүрү сакталып калынган.

Жалпысынан 2015-жылдын 11 айында КР ӨКМнин түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан 225 адам куткарылган (2014-жылдын 11 айында 395 адам куткарылган).
 




Уважаемый посетитель, Вы зашли на сайт как незарегистрированный пользователь.
Мы рекомендуем Вам зарегистрироваться либо войти на сайт под своим именем.

Комментарии:

Оставить комментарий

ОКМдин ККББнун ыкчам кезметчиси

тел.: +996(3222) 2-18-44
сот.: +996(770) 800-100


Жанылыктардын архиви


«    Июнь 2017    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930 

Аба ырайы



Сиздин оюңуз


Сиз ѲКМнин ишке кандай баа коесуз?

Эн жакшы!
Орточо
Начар
Абдан начар!
ѲКМ - бул эмне?